USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын жиу-житсу боюнча курамасы дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду ээледи

12:38, 14 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Латвиянын Даугавпилс шаарында өткөн Combat Ju-Jutsu World Championship турниринде кыргызстандык спортчулар 20 медаль утушту. Бул тууралуу аталган спорт боюнча эл аралык федерация социалдык тармактарда билдирди.

Кыргыз спортчулары он алтын, беш күмүш жана беш коло медаль алышты.

Казакстандын Туризм жана спорт министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи. Биринчи орунду Казакстандан барган спортчулар, ал эми экинчи орунду украиналыктар алды.

Чемпионатка 29 өлкөдөн болжол менен 600 спортчу катышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18