USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча дүйнө чемпионатында беш медаль алды

14:10, 13 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Бектен Эркебай уулу (оң жактан экинчи)

Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын акыркы күнүндө кыргызстандык спортчу Бектен Эркебай уулу коло медаль алды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалды.

Ал 88 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан.

Жалпысынан кыргызстандыктар беш медаль утушту: Жамалбек Асылбек уулу дүйнө чемпиону болду, Белек Бараканов экинчи орунду ээледи, Бекболот Токтогонов менен Саяк Бараканов коло медаль алышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18