USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кийинки жумада Боомдогу трасса коопту таштарды түшүрүүгө байланыштуу жабылат

11:35, 03 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

6-ноябрдан 10-ноябрга чейин Боом капчыгайындагы темир жолдун аймагында (3 миң 898 — 3 миң 899 чакырым) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер аба ырайынын шарттарын эске алуу менен саат 9:00дөн 15:00гө чейин жол жарым-жартылай тосулгандан кийин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда, таштарды түшүрүү иштери транспортту өткөрүү үчүн токтотулат.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы каттамды алдын ала пландаштырууну өтүнөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18