USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстан өзүн картошка, жашылча жана сүт менен гана толук камсыз кылды

10:10, 31 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын негизги социалдык маанилүү азык-түлүк товарлары менен камсыздалышы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык өлкөдө өздүк өндүрүштүн эсебинен картошка (167,4 пайыз камсыздалган), жашылча жана бакча өсүмдүктөрү (164,5 пайыз), сүт (116,5 пайыз) гана жетиштүү экендиги белгиленген. Ошондой эле нан (77,6 пайыз), эт (80,5 пайыз), кант (69 пайыз) жана жумуртка (63,9 пайыз) азыктарынын зарыл болгон өлчөмүнүн жарыманын көбү өндүрүлгөн.

 Кыргызстан өзүн өсүмдүк майы менен 44 пайызга жана мөмө-жемиштер менен 18,2 пайызга гана камсыздаган.

Ички рыноктун көлөмүндө импорттун үлүшүн нан азыктары 62,6 пайызды, эт 20,1 пайыз, өсүмдүк майы 57,5 пайыз, кант 34,2 пайыз жана мөмө-жемиштер 50,4 пайызды түздү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18