USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эртең Бишкектин эки конушунда суу өчүрүлөт

12:01, 30 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Эртең, 31-октябрда Бишкектин эки конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык өчүрүү «Мурас Ордо» жана «Калыс Ордо» суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.

Өчүрүү аймагы:

  • «Мурас Ордо» конушу — саат 9:00дөн 20:00гө чейин.
  • «Калыс Ордо» конушу — саат 9:00дөн 15:00гө чейин.

«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18