USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте жүргүнчү ташыган автобус эки адамды кагып, бирөөсү жеринде каза болду

12:01, 25 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте №48 жүргүнчү ташыган автобус эки адамды кагып кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине милциянын Кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык жол кырсыгы кечээ, Ала-Арча көчөсүнө жакын Жибек-Жолу проспектисинде болгон.

Жөө жүргүнчүлөр жолдун аркы тарабына өтүп бараткан учурда аларды автобус кагып, натыйжасында бир адам (84 жашта) ошол жерде каза болуп, экинчиси (48 жашта) башынан жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Транспорттун күтүүсүздөн токтошунан улам бир жүргүнчү жабыркаган.

Автобус айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18