USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Материалдык резервдер фонду 20 миң тоннадан ашык буудай сатып алды

09:43, 18 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 20 миң 100 тонна аштык буудай сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сатылып алынган дан эгиндеринин сапаты үчүнчү класстан төмөн эмес жана курамындагы клейковина 23 пайыздан кем эмес. Буудай данын сатып алуу улантылат.

Буга чейин Кыргызстанда ун менен буудайды экспорттоого тыюу салынган. Чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу үчүн кабыл алынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18