USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Азербайжан Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушун баштады

11:15, 16 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкананын жана парктын курулушу башталды. Бул тууралуу социалдык тармактарда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Ал белгилегендей, көп жылдар бою Кыргызстанда туристтерге шарттар түзүлгөн эмес. Союз мезгилинде курулган имараттардын кызмат көрсөтүү мөөнөтү эбак эле бүткөн.

«Акыркы эки жылда курулуш тармагы жанданды деп айтсам болот. Анын катарында эс алуучу жайлар, коттедждер, 5 жылдыздуу мейманканалар курулуп, оңдолуп жатат. Ысык-Көлдө дагы бир 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул заман талабына ылайык, бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен мейманкана болот», — деп жазды Каныбек Туманбаев.

Каныбек Туманбаев жана анын азербайжандык кесиптеши Рамин Намик оглы Гулузаде Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна инвестиция кылуу боюнча келишимге кол коюшту.

Эске салсак, министрлер кабинети Азербайжанга Кара-Ой айылындагы 17,24 гектар жерди Ысык-Көлдүн жээгиндеги беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна берген. 49 жылдан кийин Азербайжан келишимди узартууга укуктуу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18