USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Kaganat Resort эс алуу борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири кармалды

15:40, 11 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Kaganat Resort эс алуу борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана «Аврора Групптун» ээси Азрет Боотаев УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды.

Мекеменин маалыматына ылайык, мыйзамдагы ууру делген Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаевге) карата Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» боюнча кылмыш иши тергелип жатат.

Азрет Боотаев 4-октябрда кармалып, ал иш боюнча шериктеш катары өтүп жатат. Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18