USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдө соода түйүндөрү жана эмерек жасоочу жай күйүп кетти

11:36, 06 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылында эки соода түйүнү жана эмерек жасоочу жай күйүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине күбөлөр билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, өрт «Тыйын» соода түйүнүндө саат 3:00дө чыгып, жакынкы объектилерге да жайылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө беш 5 күжүрмөн эсеп тартылып, чектөөгө алынды. Жеринде 28 куткаруучу жана 3 офицер иш алып барууда.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, өрт чыккан аянт 1 миң 900 чарчы метрди түздү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18