USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Дзюдочу Эрлан Шеров Азиа оюндарында алтын медал алды

17:56, 26 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу турнирдин сайтында маалымдалды.

90 килограммга чейинки салмак категориясында финалда Эрлан Шеров өзбекстандык Давлат Бобонов менен беттешип, жеңишке жетти.

Кыргызстандык спортчу буга чейин Кытай, Ливан жана Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлдөрүн уткан.

Ал Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарында алтын медалга ээ болгон биринчи дзюдочу болду.

Белгилей кетсек, бул өлкөнүн азыркы Азиа оюндарындагы биринчи медалы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18