USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте үч эм төрөлдү

15:40, 19 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрда Бишкектин 34 жаштагы тургуну кесарево жолу менен кош бойлуулуктун 36-жумасында үч эм уул төрөгөн.

«Наристелер 3килограмм 300 грамм, 3килограмм 660 грамм, 3килограмм 445 грамм салмакта төрөлгөн», — деп белгилешти мекемеден.

Бишкекте үч эм төрөлдү

Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова айтымында, ымыркайлар балдардын реанимация бөлүмүнө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алардын абалы турукташкандан кийин ара төрөлгөн балдарга кам көрүү бөлүмүнө которулган.

Бүгүнкү күндө эне жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарууга даярданып жатышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18