USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Япониялык сүрөтчү туризмди өнүктүрүү фондунун башчысынын кеңешчиси болду

15:13, 15 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Япониялык кесипкөй сүрөтчү Тэру Токунага Кыргызстанды туристтер үчүн жагымдуу өлкө катары таанытат. Бул тууралуу туризмди өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Уюмдун маалыматы боюнча, Тэру Токунага фонддун башчысынын коомдук башталыштагы кеңешчиси катары тартылган. Октябрда ал Tourism Expo Japan туристтик көргөзмөсүндө биздин өлкө жөнүндө айтып берет.

Тэру Токунага 20 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандын жаратылышын сүрөткө тартып келет. Ал өзүнүн тарткан сүрөттөрүн илимий деп атап келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18