USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Иманалиев, Иманов, Базарбаев министрлик кызматынан бошотулду

15:13, 07 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Билим берүү министри Каныбек Иманалиев ээлеген кызыматынан бошотулду. Анын милдетин аткаруу Уланбек Усековго жүктөлдү.

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен санариптүү өнүктүрүү министри Талантбек Иманов дагы кызматынан алынды. Анын ордуна Нурия Кутанова милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна мурдакы саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова дайындалды.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектөөгө Алымкадыр Бейшеналиев кайра келди.

Андан тышкары Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин директор Умбриэль Темиралиев дагы иштен кетти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18