USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Тажик-ооган чек арасындагы базарлар кайрадан иштей баштады

09:43, 04 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун акимчилиги аймактын Ооганстан менен чектеш райондорундагы базарлар кайрадан иштей баштаганын билдирди.

«Хорог шаарынын Тем кичи районундагы, ошондой эле Дарваз, Ванж, Ишкашим райондорундагы базарлар өлкө жетекчиси Эмомали Рахмондун тапшырмасына ылайык иштей баштады. Бул эки өлкө ортосундагы соода-сатык алакасын кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, 2-сентябрда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун төрагасынын биринчи орун басары Шарифхон Сафарзода баштаган кызмат адамдары «коңшу өлкөнүн өкүлдөрүн кабыл алып, базарда түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышкан».

Ооганстанда 2021-жылы бийликке «Талибан» кыймылы келгенден бери ооган-тажик чек ара тилкеси жана ал жердеги базарлар жабык турган. Анда Рахмон расмий Душанбе «Талибан» кыймылы түзгөн өкмөттү тааныбай турганын айтып, Ооганстандагы тажиктердин «укуктары бузулуп жатканын» билдирген. Ал бул өлкөдө инклюзивдик өкмөт түзүлүшү керектигин белгилеген.

Тажикстандын Ооганстан менен чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1400 чакырымды түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18