USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Белгилүү футболист Роналдиньо Кыргызстанга келген жок

14:58, 29 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Белгилүү футболист Роналдиньо Кыргызстанга келген жок. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан 24.kg агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн 13.55де Бишкекке конгон учакта футболисттин аты-жөнү жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Роналдиньоного Бразилиядан чыгууга тыюу салынганы кабарланган. Ага алдамчылык айыбы менен иш козголуп, сотто каралууда.

30-август күнү Бишкекте «Барселона» футболдук клубунун легендалары менен оюн өтөт. Беттешке президент Садыр Жапаров дагы катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18