USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын мектептерине 300 мугалим жетишпейт

15:53, 28 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын мектептерине 300 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу август айындагы салттуу конференцияда Билим берүү министри Каныбек Имналиев билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы жалпы билим берүү мекемелерине 3 миң мугалим жетишпесе, быйыл алардын саны 300дү түздү. Министр мектептерге кадрларды тартуу уланып жатканын айтты.

Каныбек Иманалиев алскы айылдарда информатика жана англис тили мугалимдеринин тартыштыгын мисал кылды.

Ошондой эле, ал жаш муундун мугалимдик кесипке болгон кызыгуусу өскөнүн белгиледи. 2023-жылы педагогика тармагына барууну каалагандардын саны 12 пайызга өстү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18