USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаров Элдик курултай жөнүндө жарлыгын жокко чыгарды

12:21, 24 августа 2023, Бишкек - 24.kg

«Кыргыз Республикасынын президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы 2022-жылдын 15-августунда «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол коюп, 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкекте биринчи Элдик Курултай 1 074 делегаттын катышуусунда болуп өткөн.

«Жарлык Элдик курултайдын укуктук статусу жана анын ишмердүүлүгүнүн принциптери менен байланышкан маселелер жөнгө салынганга чейинки мезгилде чыгарылган. «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенине байланыштуу өткөн жылдын 15-августундагы жарлык, ошондой эле 2022-жылы 25-ноябрда өткөн элдик жыйындын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18