USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Наркология борборунан киши өлтүрүү үчүн изделип жаткан казакстандык качып кеткен

15:29, 23 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги наркология борборунан киши өлтүрүү үчүн изделип жаткан адам качып кеткен. Бул тууралуу 24.kgге өздүк булактар билдирди.

Ал буга чейин милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Ленин райондук ИИБге жеткирилген.

«Ички иштер башкармалыгына алып келишкенден кийин, Интерполдун кызматкерлери аны наркология борборуна алып барышкан.Шектүү ошол жердеги адамдарды түртүп качып кеткен. Учурда ички иликтөө иштери жүрүп жатат. Качып кеткен адам Казакстандын жараны», — деп билдиришти редакцияга.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18