USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Накталай эмес төлөмгө өтүүнүн үчүнчү күнүндө 91 миң жол кире карта менен төлөндү

09:53, 23 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Накталай эмес төлөмгө өтүүнүн үчүнчү күнүндө 91 миң жол кире карта менен төлөндү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрү сунушталат:

  • үч категориядагы Тулпар карталары
  • байланышсыз VISA жана Элкарт карталары
  • Тулпар, Mbank, Megapay, Balance, O!Деньги мобилдик тиркемелеринде QR сканерлөө
  • виртуалдык NFC картасы

«3 күндүн ичинде 80 миңден ашык карта сатылды. Мындан тышкары, Тулпар карталарына суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу стандарттуу көк карталарды жеткирүү иштери улантылууда», — дейт мекеме.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18