USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек өкмөт өкүлдөрүнүн жыйыны өтөт

16:31, 15 августа 2023, Бишкек - 24.kg
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 15-августта иш сапары менен Кыргызстанга келди. Аны «Ысык-Көл» эл аралык аба майданынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы ал 16-августта Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышарын билдирди.

Анда кандай маселелер каралары тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Абдулла Арипов Кыргызстанга соңку ирет 2022-жылы декабрда келген.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров мартта иш сапар менен Өзбекстанга барган. Андагы жолугушууларда эки өлкөнүн президенттери кол койгон келишимдерди аткаруу маселеси талкууланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18