USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эртең Бишкектин кээ бир аймактарында суу өчүрүлөт

09:36, 15 августа 2023, Бишкек - 24.kg

16-августта Бишкектин кээ бир аймактарында муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ичүүчү суунун өчүрүлүшү абоненттерди Тверская көчөсүндөгү жаңы суу түтүгүнө кайра туташтырууга жана басым бурама тээгин орнотууга байланыштуу.

Суу саат 10:00дөн 18:00гө чейин Месароша, Фучик көчөлөрү, Д.Сяопин проспектиси жана Профсоюсз көчөсү менен чектелген аймакта жок болот.

«Бишкексууканал» ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алышын суранды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18