USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Президент «Жаштар жөнүндө» мыйзамга кол койду

10:33, 08 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров «Жаштар жөнүндө» мыйзамга кол койду. Маалыматты өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылы 1-июнда кабыл алынган. Анын негизги максаты — жаштар саясатын калыптандырып, аларды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуу болуп саналат.

Мыйзамда жаштардын ден соолугунун мүкүнчүлүктөрү чектелүү жана аярлуу тобун тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү, жаштар саясатын калыптандырууда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз алдынча аракеттенүү маселелери каралган. Ошондой эле, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, жаштар саясатын финансылык жактан камсыз кылуу дагы камтылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18