USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөөлөр алынды

10:04, 03 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелди оңдоо иштери мөөнөтүнөн мурда аяктап, киргизилген чектөөлөр толугу менен алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бардык унаалар 2-август саат 16:00дон баштап тоскоолдуксуз өтө баштады. Ал эми тоннелдин кире бериштерин көрктөндүрүү учурунда эч кандай чектөөлөр болбойт.

Эске салсак, буга чейин тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу жол 26-июлдан 6-августка чейин 10 сааттан ашык жабылары билдирилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18