USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн футзал боюнча Кыргызстан курама командасы Тажикстан менен ойнойт

12:30, 26 июля 2023, Бишкек - 24.kg

26-июлда саат 21:00 до Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Тажикстан менен беттешет. Бул тууралуу футзал ассоциациясы өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасында билдирди.

Буга чейин, Кыргызстан Ооганстан (4-5) жана Иран (0-1) командалары менен болгон оюнда жеңилип калган.

CAFA Futsal Cup-2023 мелдеши Душанбе шаарында 30-июлга чейин өткөрүлөт. Аталган турнирде биздин курама алдыда Түркменстан жана Өзбекстан менен жолугат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18