USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда энергетика тармагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

16:32, 25 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Өзгөчө кырдаал режими 2026-жылдын 31-декабрына чейин киргизилди. Бул аралыкта Энергетика министрине оперативдүү тартипте өзгөчө укук берилет.

Аны менен энергетика тармагындагы мамлекеттик катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканаларга, акционердик коомдорго жана алардын туунду коомдоруна өзгөчө кырдаалдын көрсөтүлгөн режимин киргизүү менен байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан методу менен сатып алууга уруксат берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18