USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эдил Байсалов: Ысык-Көлдө 200 долларга ким эс ала алат?

15:05, 17 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдө эс алуу баардык кыргызстандыктардын чөнтөгүнө ылайыктуу болушу керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Happy Yurta Fest-2023 фестивалында билдирди.

Аткаминер көлдөгү эс алуучу жайлардын баасын кымбат экенин белгиледи.

«Ким 200 долларга Ысык-Көлдө эс ала алат? Бул боюнча бирдеме кылышыбыз керек. Кымбат беш жылдыздуу отелдер жана кыргызстандыктардын көпчүлүгүнүн чөнтөгүнө ылайыктуу жайлар дагы болушу шарт», — дейт ал.

Эдил Байсалов көлдө жаштарга ылайыктуу кэмпинг жана жөө туризмди өнүктүрүүнү сунуштайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18