USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Этникалык кыргыздар «кайрылман» макамын «улутташ» деп атооону сунушташат

17:27, 14 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Этникалык кыргыздар «кайрылман» макамын «улутташ» деп атооону сунушташат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн «Этно кеңеш-2023» аталышындагы жыйын өттү.

Анда Этностан маданий борборунун негиздөөчүсү Каныбек Толкун уулу «кайрылман» макамынын аталышын өзгөртүүнү сунуштады.

««Кайрылман» деген сөз мурда Кыргызстандан кетип, кийин кайра кайтып келген деген маанини туюнтат экен. Бул жерге келген кыргыздардын бардыгы, кыргыздардын тарыхий мекенинен экинчи тарыхий мекенине келгендер болуп саналат. Ошондуктан «улутташ» деген сөзгө өзгөртсө дагы жакшы болот эле», — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18