USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Түрк дарыгерлери Бишкекте бөйрөк алмаштыруу боюнча операцияларды жасайт

10:01, 13 июля 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операциясы жасалат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
 
Анын айтымында, операциянын түрк дарыгерлери кыргыз-түрк «Достук» клиникасында жасашат.
 
Түркия мамлекетинен 120 адис Бишкекке келди. Алар «Семетей» мейманканасында жайгаштырылды.
 
«Мисалы, Белоруссияда бөйрөк алмаштыруунун чыгымы 65 миң, Түркияда 25 миң долларга бааланса, Бишкекте болжолдуу чыгымы 7 миң доллардын тегерегинде болот. Муну Орто Азияда жана кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу эң арзан деп айтсак болот», — дейт Дайырбек Орунбеков.
 
Алгачкы операция август айында күтүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18