USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин Ленин районунда парламентке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт

15:23, 12 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы  Бишкек шаарынын Ленин райондук №26 бир мандаттуу шайлоо округунан кайра добуш берүү күнүн белгиледи.

Бул округдан парламентке депутатты тандоо 10-сентябрда өтөт. 

Кайра шайлоо өтүп жаткандыктан талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт иштери өткөрүү мөөнөтү кыскарат.

Белгилей кетсек, бул округдан шайланган депутат Жаныбек Абиров ага каршы иш козголгондон кийин мандатын тапшырып кеткен.  28-майда өткөн шайлоодо добуш сатып алуу фактылар катталганына байланыштуу жыйынтыгы жокко чыгарылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18