USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеген 60 мечит табылды

11:50, 29 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунда 60 мечит мыйзамсыз иш алып барууда. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын комиссия диний мекемелерди текшерип чыгып, 60 мечит Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан жана муфтияттан каттоодон өтпөгөнүн аныктады.

Сузакта — 33, Базар-Коргондо — 2, Ноокенде — 5, Аксыда — 3, Чаткалда — 5, Токтогулда — 1, Тогуз-Тородо — 7, Жалал-Абадда — 3, Майлуу-Сууда 1 мечиттин документтери болгон эмес.

Мечиттерге каттоодон өтүү кеңеши берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18