USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Иттин өлүгүн каякка жеткирип жатасыңар? Бишкектеги крематорий иштебейт

11:28, 26 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги крематорий иштебейт. Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, крематорийге жаңы жабдуу алынды. Ал бир аптадан кийин ишке кирет.

Депутат Аманкан Кенжебаев ар бир облуста крематорий ачууну сунуштады.

«Күн сайын жолдо машина сүзүп кеткен иттин өлүгүн көрүп жатабыз. Бирөө аны жолдоп алып, бирөө көмүп коет экен. Ал каякка кетип жатат? Бул маселеге Жаратылыш ресустары жана экология министри дагы көңүл бөлүүсү керек», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18