USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өзбек-кыргыз чек арасын мыйзамсыз кесип өтмөкчү болгон чет элдиктер кармалды

09:50, 14 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Өзбек-кыргыз чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, чек арада Бангладештин төрт жараны жана бир өзбек атуулу колго түштү.

Алар Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы «Кум» чек ара тилкеси аркылуу өтмөкчү болушкан.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18