USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга жөнөп кетишти

12:37, 12 июня 2023, Бишкек - 24.kg
Ажылык сапарга аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга жөнөп кетишти. Бул тууралуу муфтият билдирди.
 
Маалыматка караганда, зыяратчыларды жеткирүү үчүн 10 рейс аткарылат. Анын 7 рейси Ош эл аралык аэропортунан жүзөгө ашырылат.
 
Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.
 
Белгилей кетсек, САП 2023-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6110 квота бөлгөн. Быйылкы ажылыктын наркы 3900 АКШ долларын түзгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18