USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги суу жок райондор тургундарынын сууга төлөмдөрү кайра эсептелет

14:47, 08 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги суу жок жаңы конуштардын тургундарынын сууга төлөмдөрү кайра эсептелет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйында айтылды.

Депутат Русланбек Жакышов жарандар сууга акыны үзбөй төлөп жатканын айтып, ал каражаттын каякка жумшалып жатканына кызыкты.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев шаардагы суу көйгөйү бир айда чечелерин белгиледи.

«Суу жок райондордун тургундарынын төлөмдөрү кайра эсептелет», — деди ал.

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18