USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Араван районунун айыл өкмөт башчысы кармалды

15:39, 23 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөт башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.

2022-жылдын 14-февралында Тепе-Коргон айылынын башчысы М.М.А. башка кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, жер участогун «Сугат айдоо жерлери» категориясынан «Жеке турак жай куруу» категориясына которуу жөнүндө токтом чыгарган. Ага «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында, жеке менчикке алынган жер тилкелеринин баасы 7,7 млн. сомовду түзгөндүгү аныкталган.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18