USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кылмыштуу топтун мүчөсү болгон Казакстан жараны Кыргызстанда кармалды

10:03, 17 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК тарабынан издөөдө жүргөн Казакстандагы уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, 1990-жылы туулган казак жараны С.А.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран Казакстандын Алматы облусунун аймагында тоноочулук фактысын жасагандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган С.А.А. 2022-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталды.

Азыркы учурда С.А.А. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын № 21- мекемесине киргизилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18