USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Дмитриевка айылындагы ок атышууда террорист мерт болду

09:50, 17 мая 2023, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрү тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү.

Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөттү. Бирок, ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды.

Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Аталган операция боюнча кошумча маалымат берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18