Бишкекте бомба боюнча билдирүүдөн улам бир мектепте окуу токтотулду
12:20, 02 мая 2023, Бишкек - 24.kg
Бишкекте № 4 мектепке бомба коюлганы боюнча билдирүү түштү. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жардыруучу зат боюнча 11.00дө кабарланды. Окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланды.