USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Министр: 2010-2019-жылдары өлүмдүн 12-13 пайызына ыш себеп болду

12:13, 25 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

2010-2019-жылдары өлүмдүн 12-13 пайызына ыш себеп болду. Бул тууралуу экология министри Мелис Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, абага зыяндуу заттардын чыгындысы нормадан 6 эсеге көбөйдү. Акыркы жылдары ыштын айынан саламаттыкты сактоо тармагына чыгымдар 400 миллион долларды түздү.

«Ышты жоготуу боюнча натыйжалуу чечимдер кабыл алынышы керек. Бул жаатта бизге эксперттер жардам берерине ишенебиз», — дейт министр.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18