USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутат аялдарга паранжы жамынууга тыюу салууну сунуштады

12:03, 20 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова кыз-келиндерге паранжы жамынууга тыюу салууну сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгү парламенттин жыйынында айтты.

Ал муфтиятка кайрылып, бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

«Ошто 100 миң сомго социалдык күбөлүктү тапшырып жатканда, айрым аялдар паранжы кийип келишиптир. Ошто мындайлар көп экен. Алардын көзү гана ачык. Аялдар жоолук салынсын, бирок бетин жаап алганы туура эмес. Бул боюнча тапшырма берсеңер», — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18