USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Киев спортчуларга беларус жана орус оюнчулары менен мелдешүүгө тыюу салды

16:16, 14 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Киев Украинанын спорт федерацияларына Орусия менен Беларус спортчуларынын мелдештерге катышкан-катышпаганын көзөмөлдөөнү жана маалыматтарды украин аткаминерлери менен бөлүшүп турууну тапшырды.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эл аралык федерациялар орусиялык спортчулардын биатлон, волейбол, сууда сүзүү, көркөм муз тебүү жана коньки тебүү боюнча эл аралык мелдештерге катышуусуна тыюу салган.

2022-жылдын март айында Эл аралык Паралимпиада комитети орусиялык жана беларусиялык спортчуларды Бээжин оюндарына катыштырбай койгон. Буга көптөгөн улуттук комитеттер, командалар жана спортчулар орустар жана белорустар менен беттешүүдөн баш тартышканы себеп болгон. Кийинчерээк комитет Орусиянын Паралимпиада комитетиндеги мүчөлүгүн убактылуу токтоткон.

Эл аралык Олимпиада комитети буга чейин орусиялык жана белорусиялык спортчуларга бейтарап макамда Олимпиадага катышууга уруксат берген. Мелдешке согушту колдобогон, орус же беларус армиясына, күч түзүмдөрүнө тиешеси жок спортчулар гана катыша алат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18