USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ажылыктын баасы быйылкы зыяратчыларга 600 долларга арзандады

11:57, 12 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Быйыл ажылык баасы 3,9 миң долларды түзөт. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Ал каражат төмөнкү чыгымдарга сарпталат:

— Учуп барып келүү- 1 миң 360 доллар;

— Сауд Арабияда мейманкана, транспорт жана башка чыгымдар — 2080,19 доллар;

— Ажылык иштери уюштуруу (ажы башчылардын чыгымы, зыяратчылардын кийими, эмдөө жана башка чыгымдар) — 459,81 доллар.

Ажыга баруу үчүн 1 миң доллар төлөгөндөр эми 17-апрелден кечикпей калган сумманы РСК Банктагы эсепке которушу керек.

Белгилей кетсек, былтыры ажылык сапар 4,5 миң доллар турган. Быйыл муфтият зыяратчыларга 5 миң долларга VIP-кызмат дагы сунуштоодо,

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18