USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Антальяда жол кырсыгында 30 жаштагы кыргыз жараны каза болду

09:21, 10 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Антальяда жол кырсыгында эки киши каза болду. Анын бирөө кыргыз жараны. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары билдирди.

Жол кырсыгы 8-апрелде болгон. Маалыматта рулда олтурган түрк жараны Сулейман Байрам жогорку ылдамдыкта бара жатып, унааны башкара албай калып, бетон тосмону сүзүп алган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, жол кырсыгында 1993-жылы туулган Бактыбек кызы Айпери көз жумду.  Анын жанында болгон дагы бир кыргыз жараны - Даткайым Асранкулова ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Учурда жүк-200 Кыргызстанга жеткирүү иштери жүрүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18