USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги № 47 абактын ордуна көп кабаттуу үй курууга 1 миллиард сом бөлүнөт

14:02, 04 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги № 47 абактын ордуна көп кабаттуу үй курууга 1 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешов өзүнүн телеграм каналында билдирди.

Анын айтымында, акча Мамлекетттик ипотекалык компанияга бөлүнөт. Алар долбоорду ишке ашырат.

Белгилей кетсек, № 47 абактын ордуна кичи район пайда болорун Садыр Жапаров кабарлаган. Өлкө башчысы 2026-жылы 50 миң жаран үй менен камсыз болорун айткан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18