USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Казакстан бензин менен дизелдин баасын көтөрөт

13:19, 04 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Казакстандын Энергетика министрлиги бензиндин баасын 11%, дизелдин баасын 20% жогорулатууну чечти. Бул тууралуу 3-апрелде энергетика министри Болат Акчулаков билдирди.

Министр мындай чечим «Казакстан менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы баанын айырмачылыгын төмөндөтүү үчүн кабыл алынганын» түшүндүрдү.

«Эгер баадагы айырмачылыкты азыртадан азайтпасак, жакын арада күйүүчү майдын жетишсиздигине туш болобуз. Мындан тышкары бул тармактын мындан ары өнүгүшүнө тоскоол болуп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна коркунуч жаратат», — деди Акчулаков.

Ал мунайды кайра иштетүүчү үч завод модернизацияланып, кубаттуулугу жогорулаганына карабай, өлкөнүн айрым аймактарында тартыштык сезилип жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, таңкыстыкты кымбат импорттук күйүүчү май менен жабууга туура келген.

Былтыр августта Казакстандын чек арадагы аймактарында дизелди сатууга чектөө киргизилген.

Казакстандык айдоочулар акыркы кездери күйүүчү майдын жетишсиздигине даттанып келишет. Айрым аймактарда дизелге кезек күткөндөр көбөйгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18