USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кара-Сууда 43 бала ууланып, анын 18и ооруканага түштү

10:33, 30 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Кара-Сууда 43 бала ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Балдардын эмнеге ууланганы азырынча белгисиз. Жабыркагандардын канынын анализи азырынча даяр эмес.

«43 бала Оштогу балдар ооруканасына жеткирилип, анын 18и жаткарылды. Абалы туруктуу. Азыр дарыгерлер кеңешип мындан ары дарылоо боюнча чечим кабыл алат», — дейт мекеме.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18