USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ӨКМ: Толуу райондордо кар көчкү түшүшү күтүлөт

11:10, 27 марта 2023, Бишкек - 24.kg
Абанын температурасынын жогорулашына жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
Мекеме төмөнкү жолдордо эрежелерди сактоону эскертет:
 
▪️Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы Төө-Ашуу ашуусу;
▪️Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
▪️Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымы Сөөк ашуусу
60-94 чакырымы Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
 
«Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — дейт ӨКМ.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18