USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны көбөйүүдө

14:19, 23 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Улуттук фзизиатрия борбору билдирет.

Маалыматка караганда, 2022-жылдан тарта кургак учуктун жайылышы байкалууда.

2020-жылы 3 миң 518 адамдан илдет аныкталса, 2021-жылы 3 миң 891, 2022-жылы — 4 миң 18 адамдан табылды.

Кургак учукка көбүнчө Чүй облусунун тургундарынан аныкталса, Ысык-Көлдө илдет эң аз катталды.

Дарыгерлердин маалыматында, балдар арасында кургак учукка кабылгандардын санынын өсүүсү байкалууда.

Улуттук фзизиатрия борбору оорудан өлүм азайганын белгилейт. 2021-жылы 174 бейтап көз жумса, 2022-жылы 127си каза тапкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18