USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун мурдакы башчысы кармалды

16:12, 14 марта 2023, Бишкек - 24.kg

2017-жылы Ысык-Көл районунун Ананьево айылына футбол аянтчасын куруп жаткан курулуш компаниясына Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын кызмат адамдары акча каражаттарды мыйзамсыз которуп беришкендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын негизинде, кылмышка шектүү катары мурдагы Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондунун дирекциясынын мурдагы башчысы С.Р.К. жана курулуш компаниясынын директору Д.А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

Азыркы учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар баардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18